Ссылки доступа

Кыргызстанда күбөлүксүз никеге тыюу салуу сунушталууда


Кыргызстанда жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоор даярдалды.

Анда каттоосу тууралуу күбөлүгү жок түгөйлөрдүн никесин кыйган молдолорду беш жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жоболор каралган. Статистика боюнча, өлкөдө баш кошкондордун теңинен көбү мамлекеттик каттоого убагында турбайт жана мындан улам жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, ажырашуу жана андан кийинки көйгөйлөр арбын.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Элмира Жумалиева жана “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова сунуштоодо. Алар документ эң ириде эрте турмушка аттанган көрүнүштөрдү азайтууга, келиндердин укугун коргоого багытталганын билдиришти.

Азыркы тапта долбоор коомдук талкууда. Андан соң парламентте каралмакчы. Кыргызстанда буга чейин да ушуга окшош мазмундагы документ иштелип чыгып, расмий каттоого турбай нике кыйдыргандарга административдик жаза колдонуу каралган болчу. Бирок аны мурунку чакырылыштагы депутаттар колдогон эмес.

XS
SM
MD
LG