Ссылки доступа

Путин: Орусия Крымдын укугун бузган жок


Орус президенти Владимир Путин Bild немис басылмасына маек куруп жатып, өз өлкөсү Крымдын эл аралык укугун тебелеген жок, деп билдирди.

Анын пикиринде, Бириккен улуттар уюмунун жобосуна ылайык, ар бир эл өз тагдырын чечүүгө, тандоо жүргүзүүгө укуктуу. Путин калктын эркине тоскоол болчу аракеттердин алдын алуу үчүн Крым жарым аралына орусиялык аскерлер киргизилгенин кошумчалады. Бирок, эл аралык мыйзамга ылайык, 2014-жылы жазында Орусия аннексиялап алгандан бери Крым “оккупацияланган аймак” деп эсептелинет.

Путин НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишин сындап, эгер Батыш Жакынкы Чыгыштын саясатына кийлигишпегенде, дүйнөлүк миграция мынчалык көйгөй жаратпай турганын белгиледи.

Ошондой эле Орусия улуттук кызыкчылыктарды башынан ачык жарыя кылса, дүйнө тең салмакта кармалып турмак беле деген ою менен бөлүштү. Путиндин көз карашында, бул - Советтер Союзу ыдырагандан кийинки Орусиянын кетирген кемчилиги болуп калды.

Орус экономикасына Батыштын санкцияларынын таасирине кайрылган Путин, мунай менен газдын баасынын төмөндөгөнү катуу сокку уруп жатканын айтты. Ошол эле маалда мунайдын арзандашы бул тармактын кайра жандануусуна көмөктөшүп, орус экономикасына оң таасир этип жатканын да белгиледи.

XS
SM
MD
LG