Ссылки доступа

Орусиянын Сириядагы аба соккуларынан карапайым тургундар мерт кетти


Сириянын түндүгүндө жайгашкан райондо Орусиянын абадан соккуларынан набыт кеткен 81 адамдын, кеминде 52си карапайым жашоочулар.

Бул тууралуу Улуу Британияда орун алган “Сирия адам укуктарын коргоо обсерваториясы” уюму кабарлады. Маалыматка караганда, чабуул Идлиб провинциясындагы базардын айланасындагы имаратка жасалган. Андан 6 козголоңчу жана “Ал-Каиданын” Сириядагы бөлүмү деп саналган “Фронт ал-Нусра” экстремисттик тобунун 23 согушкери жок кылынган. Бул жерде аталган экстремисттик топтун диний соту жана түрмөсү жайгашкан. Сокку учурунда абакта отургандарды кошкондо 52 жайкын тургун каза тапты. Арасында аялдар менен балдардын да бар экени кабарланууда.

Орусиянын Сириядагы операциялары былтыр 30-сентябрда башталган. Кремль күчтөрү өз өнөктөшү, Сирия президенти Башар Асаддын армиясына жардам берүүдө.

XS
SM
MD
LG