Ссылки доступа

“Ит жандуу” тасмасы “Алтын глобус” сыйлыгына татыды


“Ит жандуу” (Выживший) тасмасы “Алтын глобус” сыйлыгынын «Мыкты драмалык тасма” наамын алды.

Мексикалык режиссер Алехандро Гонсалес Иньярриту тарткан тасмада колонист Хью Гласс жана анын Американын жапайы батышындагы саякаты чагылдырылган. Аталган фильм “Мыкты режиссер”, “Мыкты актер” категорияларында дагы сыйлыкка ээ болуп, аны менен Леонардо Ди Каприо сыйланды. Ушуну менен ал үчүнчү жолу “Алтын глобусту” алды.

Эл аралык сыйлык кечээ Лос-Анжелесте тапшырылды.

Актриса Бри Ларсон “Бөлмө” тасмасында ойногон ролу үчүн “Алтын глобуска” ээ болгон. “Экинчи пландагы аялдын мыкты ролу” сыйлыгы Кейт Уинслет, ал эми мырзалардан Сильвестр Сталлонеге ыйгарылды.

Чет тилдеги мыкты тасма деп венгриялык “Саулдун уулу” тасмасы табылды. Энни Морриконе Квентин Тарантинонун “Жийиркеничтүү сегиздик” тасмасына музыка жазганы үчүн сыйлыкка ээ болду. Эң мыкты комедия деп «Марстык» тасмасы табылды. “Мыкты драмалык сериал” наамын « Робот мырза”, “Моцарт чытырман токойдо” тасмалары жеңип алды.

“Алтын глобус” 1944-жылдан тарта жыл сайын берилип келет. Аны Голливудда иштеген токсондон ашык эл аралык журналисттен турган чет элдик басылмалар бирлиги тапшырат.

XS
SM
MD
LG