Ссылки доступа

Керри менен Лавров жолугушу мүмкүн


АКШ мамлекеттик департаменттин башчысы Жон Керри менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров телефон аркылуу Сириядагы кырдаалды жана башка маселелерди талкуулашты.

Бул тууралуу департаменттин басма сөз катчысы Жон Кирбиге таянуу менен Рейтер кабарлады. Тараптар Сирия маселесин, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топко каршы күрөштү, Жакынкы Чыгыш жана Украина көйгөйүн, Түндүк Кореянын өзөктүк сыноолорун, америка-орус алакасын ортого салышты.

Натыйжада жакынкы күндөрдө эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.

XS
SM
MD
LG