Ссылки доступа

Орус телеканалдарына өзгөчө макам берүү боюнча чечим коомдук талкуусу жок кабыл алынат


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова билдирди.

Ал кыргыз-орус макулдашуусу коомдук талкуудан алынып салынганын, бирок коомчулуктун пикири эске алынарын айтты.

- Бул макулдашуу болгондуктан, аны талкууга чыгарууга болбойт, зарылчылык жок. Өкмөт аны карап же кол койот, же карабайт. Бул Орусиянын демилгеси, аны кыргыз тарап карай элек. Кандай гана токтом болбосун коомдук талкууга чыгып жатат. Эгер бул макулдашууга эл каршы болсо, өкмөт аны эске алып, жыйынтык чыгарат.

Аталган долбоорду Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ишке ашырмак. Ал эми макулдашуу 6-январда коомдук талкууга коюлуп, февралга чейин сунушталган ар кандай пикирлер эске алынары айтылган. Өкмөттүн маалымат кызматы аталган министрликтин юристтери макулдашуунун долбоорун сайтка чыгарып, катачылык кетиргени айтууда.

Жарандык коом муну “Орусиянын саясатын жүргүзүү ыкмасы” деп сындап чыккан. Кыргызстанда буга чейин башка мамлекеттердин телеканалдарына өзгөчө макам берилген эмес.

XS
SM
MD
LG