Ссылки доступа

Сирияда өзбек согушкерлер жанкечтиликке барды


«Таухид валь-Жихад» террордук тобунун 6 согушкеринин бомба шыкалган БТРде баратканы тартылган видеотасма Интернетте тарады.

Алардын өзбек тилинде “Алла үчүн” деп айткандары жазылып калган.

Мурункулардан айырмаланып, бул видеодо өзбек согушкерлеринин ысымдары аталган эмес. Ошондой эле алар Өзбекстандын же Кыргызстандын жараны экени тууралуу да так маалымат жок.

Жакында эле Кыргызстандын укук коргоо органдары өлкөнүн түштүгүндө «Таухид валь-Жихад» уюмунун он өкүлү кармалганын маалымдаган.

Бул топ 2014-жылдан тартып Сирияда президент Башар Асаддын армиясына каршы күрөшүп жаткан өзбек согушкерлеринен куралган. Интернетте өз баракчасын ачып, өзбек тектүүлөрдү катарына тартуу менен жигердүү алектенип келет. Уюмдун лидери Абу Салах социалдык тармактарда согуштук аракеттер учурунда же «Жабхат-ан-Нусра» тобунун байрагынын алдында түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жарыялап турат. Азыркы тапта бул топтун курамында канча согушкер бар экени жана алардын канчоосу өзбектер экени белгисиз.

XS
SM
MD
LG