Ссылки доступа

Казакстанда аскердик метеорология кызматы түзүлдү 


Өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлагандай, бул кызматка аба ырайы тууралуу куралдуу күчтөрдү кабардар кылып туруу милдети жүктөлдү.

Мекеменин сайтында аскерлердин аба ырайы тууралуу алдын ала билиши - курал-жарак менен техниканы натыйжалуу пайдаланууда зарыл экени жазылган.

Жаңы кызматтын өкүлдөрү аба кырсыктарын иликтөөгө катышып, деңиздеги жана кургактагы күчтөрдүн коопсуздугу үчүн алдын ала маалымат берип, талдоо жүргүзүшөт.

XS
SM
MD
LG