Ссылки доступа

Орусияда мерт кеткен тажик карыянын сөөгү мекенине жиберилди


81 жаштагы тажикстандык мигрант Ватан Гафуровдун сөөгү туулуп- өскөн жерине жөнөтүлдү.

25-декабрда Орусиянын Калуга облусунда эки жергиликтүү тургун аны катуу сабап салышкан. Ал өзүнө келбей 7-январда дүйнөдөн кайтты. Гафуров мекенинде жалгыз калгандыктан, балдарынын артынан Орусияга барууга аргасыз болгон. Ал Калуга облусунда мал багып иштеп жүргөн. Аны сабаган эки адамга кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Статистикалык маалыматка ылайык, Орусияда мигрант болуп жүргөн тажикстандык ишке жарамдуу калктын саны 1 миллиондун тегерегинде. Жыл сайын Орусияда ар кандай себептер менен минден ашык тажик жараны каза табат.

XS
SM
MD
LG