Ссылки доступа

Мунай баасы дагы түштү


Лондон биржасындагы маалыматтарга караганда, Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 31 доллардан сатылууда.

Кытайдын фондулук рыногундагы арзандоо жана АКШда көмүр кычкыл газынын кору табылгандан кийин мунайдын дүйнөлүк баасы кескин түшүп кетти. Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели өткөн бейшембиде 32 доллар 26 центке бааланган. Бул 2004-жылдан берки мунай баасынын эң төмөнкү көрсөткүчү.

Жыл жаңыргандан бери нарк 12 пайызга, ал эми акыркы алты күн аралыгында 16 пайызга ылдыйлады. Өткөн жылы 30 пайыз төмөндөгөн эле. Байкоочулар мунайдын баасы дагы 30 долларга чейин түшүшү мүмкүн экенин болжолдошууда.

XS
SM
MD
LG