Ссылки доступа

Кыргызстанда ипотекалык насыялар бериле баштайт


Мамлекеттик ипотекалык компания 15-январдан тарта “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасынын алкагында ипотекалык насыяларды бере баштайт.

Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев “Биринчи радиого” маалымдады.

Сариев белгилегендей, ипотекалык компания мамлекеттик кызматкерлердин турак- жайга болгон муктаждыгын чечүү үчүн түзүлгөн.

“Анын коммерциялык банктардан негизги айырмачылыгы – насыялар узак мөөнөткө төмөн пайызда, улуттук валюта менен берилет. Биринчи төгүм батирдин 30 пайызын түзөт. Божомол менен, насыялар 15 жылга 12-14 пайыз менен берилет. Орто эсеп менен, бул 70 квадрат метр аянттагы 3 бөлмөлүү батир болот”, - дейт Сариев.

Премьер-министр ипотека баарынан мурда саламаттык сактоо, билим-берүү жана социалдык өнүгүү тармактарынын кызматкерлерине бөлүштүрүлө турганын айтты. Андан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик ишканалардын кызматкерлерине берилет. Сариев буга чейин мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык насыяларды берүү үчүн 5 - 7 миллиард сом каражат каралып жатканын маалымдаган. Бул сумманын 300 миллиону Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы.

XS
SM
MD
LG