Ссылки доступа

Тажикстанда доллардын артынан ун менен май да кымбаттады


Тажикстанда сомонинин куну кескин ылдыйлап кеткенден бери базарларда күнүмдүк тамак-ашка болгон баалар жогорулады.

11- январдан баштап Дүйшөмбүнүн базарларында кээ бир азыктар 30-40 пайызга көтөрүлгөн.Маселен, бир мүшөе ундун баасы 165 сомониден 200гө чейин, бир килограмм шекер 5,5 сомониден 7ге, 5 литрлик өсүмдүк майдын бир бөтөлкөсү 45 сомониден 50-55ге чейин кымбаттады. Кээ бир жарандар доллар кымбаттаган сайын азык-түлүктөрдүн корун камдоого киришти.

Бир жылдын ичинде улуттук валютанын долларга карата наркы 40 пайыз түшкөн. Азыркы учурда ишкерлер товарлардын баасын атайлап көтөрүп, жаңы продукция ташууну убактылуу токтотушту.

Тажикстан калкынын 30 пайызы жакырчылыкта жашайт. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө бир гана адам иштейт. 2015-жылы пенсия жана айлыктын көтөрүлүшүнө үмүт артып, бирок ал ишке ашпаган мамлекеттик кызматкерлердин жана ардагерлердин жашоолору деле көңүл жылытпайт.

XS
SM
MD
LG