Ссылки доступа

Барак Обама АКШнын абалы тууралуу баяндама жасайт


Бул Барак Обаманын президенттик учурунда Конгресске акыркы жолку жылдык кайрылуусу болууда.

Анын президенттик мөөнөтү бир жылдан кийин, 2017-жылдын 20-январында соңуна чыгат. Андыктан бул соңку кайрылуу мурдагылардан айырмаланарын эксперттер күн мурунтан эле болжоп жатышкан.

CNN телеканалы бул кайрылуу салтка айлангандай, Конгресстин тегерегинде болбой, Обаманын жеке өзүнүн президенттик ой-санааларынын тегерегинде болорун Ак үйдөгү булактарына таянуу менен алдын ала айтып чыкты. Анда президент экрандан анын кайрылуусун көрүп отурган ар бир америкалыкка кайрылып, демократияга миллионерлер менен миллиардерлердин бир ууч тобу эмес, ар бир жаран таасир эте аларына басым жасары айтылат.

Кубадагы Гуантанамо аскердик түрмөсүн жабуу кайрылуудагы башкы маселелердин бири болору жоромолдонууда. Эксперттер Конгресс бул маселеде айрым бир бут тосууларды жасаганы менен, Обама президенттик ыйгарым укуктарынан пайдаланып, абакты жабуу буйругун жарыялашы ыктымалдыгын белгилешүүдө.

АКШдагы эмки президенттик шайлоо быйыл ноябрга белгиленген. Буга чейин эки жолу президенттикке шайланган Барак Обама бул жарышка катыша албайт. Ал 2017-жылдын 20-январында президенттиктен кетиши керек.

XS
SM
MD
LG