Ссылки доступа

Стамбулдагы жардыруудан мерт болгондордун көпчүлүгү чет элдиктер


Бул тууралуу Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш билдирди.

Ал Анкарада маалымат жыйынында сүйлөп жатып, бул үрөй учурган жардырууну жасаган жанкечтинин тек-жайы аныкталганын айтты. Жанкечти 27 жаштагы Сириянын жараны болуп чыкты.

Учурда анын Түркиядагы жана Сириядагы байланыштары иликтенүүдө. Жараат алган он беш адамдын экөө учурда оор абалда экени кабарланды. Жабырлануучулардын көпчүлүгүн Германиядан, Норвегиядан, Түштүк Кореядан жана Перудан келген туристтер түзөт.

Кечээ Стамбулдун чок ортосундагы Султан Ахмед мечитинин жанындагы аянтта жардыруу болуп, он адам набыт кетип, он беш адам жараат алды.

XS
SM
MD
LG