Ссылки доступа

Өзбекстанда “Арал деңизинин көйгөйү” почта маркасы чыгарылды


Өзбекстандын коммуникация жана маалымат технологияларды өнүктүрүү боюнча министрлиги өткөн жумада “Арал деңизинин көйгөйү” почта маркасынын атайын чыгарылышын даярдаган.

Бул тууралуу марканы чыгарган “Өзбекстан почтасы” акционердик коому маалымдады. Маркада Арал деңизинде болгон экологиялык кырсык көрсөтүлгөн. Анда латын тамгасы менен “Арал көйгөйүн чечүү” деп жазылып турат. Марка 7 миң нуска менен басылды. Ага идентификациялык номур коюлуп, номинал берилди.

XS
SM
MD
LG