Ссылки доступа

Минскте Украина боюнча байланыш тобунун жолугушуусу өтөт


«Интерфакс» маалымдагандай, жолугушууда Украинадагы саясий кырдаалды жөнгө салуу тууралуу пикир алмашуу болот.

Донецк жана Луганск облустарынын кээ бир райондоруна берилген өзгөчө макамды ишке ашыруу, бийликтин децентрализациясы, конституциялык реформа жана Донбасста жергиликтүү шайлоолорду өткөзүү маселелери талкууланат. Кечээ Киевде Украинанын мурдагы президенти жана Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу тобунун мүчөсү Леонид Кучма Орусиянын өкүлү Борис Грызлов менен кездешти.

XS
SM
MD
LG