Ссылки доступа

Пентагон эки кемесин Иран кармап алганын кабарлады


АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн эки кемесин Иран кармап кеткенин, бирок алар тез арада кайтарыларын Пентагон билдирди.

Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Питер Куктун 12-январда “Ассошиейтед пресске” маалымдоосуна караганда, Кошмо Штаттардын кемелери Кувейт менен Бахрейндин ортосунда бараткан кезде байланыш үзүлгөн.

“Биз ирандыктар менен байланышта болдук. Кемелер жана экипаж токтоосуз кайтарыларын алар бизге убада кылышты” деп билдирди Кук. Маалыматка караганда, кеменин бирөөсү бузулуп калган жерде Ирандын аскер күчтөрү аны кармап кеткен.

Ирандын Фарс маалымат агенттиги 10 америкалык деңиз аскерлери куралдары менен кармалганын, алардын кемеси Ирандын аймагына кирип кеткенин GPS көрсөткүчтөрү да тастыктайт деп кабарлады. Кемелер Иранга таандык суу аймагына 2 чакырым тереңдеп кирип кеткенде Ислам ыңкылабын коргоочуларынын корпусу тарабынан кармалган. Фарс маалымат агенттиги АКШ бийлиги Тегеран менен байланышка чыгып, кемелерди бошотуу аракетин жасап жатканын кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG