Ссылки доступа

Түркмөн банктары чет элдик валюта сатпай калышты


Түркмөнстанда банктар чет элдик валютаны сатпай калышты.

Анын кесепетинен кара базарда валютанын баасы кескин түрдө көтөрүлдү. Ашхабаттагы банктардын кызматкерлери кардарларга маалымдагандай, долларды жана башка чет элдик валютаны сатуу убактылуу токтотулду.

2015-жылдын 1-январында Түркмөнстан манаттын девальвациясын жүргүзүп, анын куну 19 пайызга түшкөн. Өлкөдө улуттук валютанын кескин төмөндөшү тууралуу кептер жүрүп, акча алмаштыруу жайларда дүрбөлөң башталган. Банктарда долларга болгон кезек көп экени айтыла баштады. АР агенттиктин маалыматына ылайык, 12-январда кара базарда доллардын куну 4 манаттан 4,2ге чейин өскөн.

XS
SM
MD
LG