Ссылки доступа

Обама: Украина менен Сирия Орусиянын таасиринен чыгууда


АКШ президенти Барак Обама Конгресске салтка айланган жылдык кайрылуусунда Украина менен Сирия Орусиянын таасиринен чыгып жатканына басым жасады.

“Экономикасынын кыскарганына карабай Орусия өзүнүн ресурсун өз таасиринен чыгып бараткан Украина менен Сирияга коротууда”, - деп белгиледи АКШ президенти.

Обаманын айтуусунда, Америка үчүн жаңы коркунуч “жамандыктын жасоолу” эмес, каз-каз тура албай жаткан өлкөлөрдүн көйгөйү болууда. Мисал катары ал Орусиядан сырткары Кытай экономикасынын көйгөйү дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизип, Жакынкы Чыгыштагы уруш-жаңжалдардын ушул кезге чейин тыйылбай, күчөп жатканын айтты.

АКШ лидери маанилүү эл аралык маселелер көтөрүлүп чыкканда дүйнө эли Бээжин менен Москвага карабастан, Америкага үмүт артарын белгиледи. Ошону менен катар ал АКШнын азыркы абалына оптимисттик баа берип, соңку жылдары жакшы жагына өзгөрүп, коопсуз болуп калганын, экономикасы кыйла бекемделгенин белгиледи. Бул - Барак Обаманын президенттик тактагы Конгресске акыркы жолку жылдык кайрылуусу. Анын бийликтеги мөөнөтү бир жылдан кийин, 2017-жылдын 20-январында соңуна чыгат. АКШдагы эмки добуш берүулөр быйыл ноябрга белгиленген. Буга чейин эки жолу президенттикке шайланган Барак Обама бул шайлоого катыша албайт.

XS
SM
MD
LG