Ссылки доступа

Обама ИМди жеңүү үчүн масштабдуу күрөштүн кереги жоктугун айтты


Барак Обама америкалыктардын алдында бир нече масштабдуу милдеттер турганына токтолду.

Алардын катарында өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топту жок кылуу маанилүү экенин ырастады.

АКШ президенти Республика партиясынын өлкөнүн эл аралык чөйрөдөгү позициясы алсызданып, ИМге каршы күрөштө масштабдуу аракеттер зарыл, деген сынын жаңылыштык катары баалады. Дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө эл Москва менен Бээжинге эмес, Америкага кайрылат дейт, ал.

Буга чейин Республика партиясынан президенттикке талапкерлердин айрымдары “Ислам мамлекетине” каршы күрөштү катаалдантууга чакырып, Ирак менен Сириядагы согушкерлер көзөмөлдөгөн аймактарды бомбалоону сунушташкан. Обама муну “куру кыйкырык” катары сыпаттап, ИМдин чырагына май тамып жатканын жар салды. Анын айтуусунда, террорчулар жок кылынышы керек, алар элге чоң коркунуч жаратууда. Ошол эле убакта АКШнын мамлекеттүүлүгүнө кооптонуу туудурбайт.

Барак Обама Конгресс ИМдин үстүнөн жеңишке жетем десе, президентке ага каршы күрөшүү укугун берген резолюция кабыл алышы зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG