Ссылки доступа

Тажикстанда туугандардын никесине тыюу салынат


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 13-январда Үй-бүлөлүк кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды.

Анда туугандардын үй-бүлө курушуна тыюу салуу маселеси камтылган. Ошондой эле нике келишимин түзөрдүн алдында милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүү талабы жазылган.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министри Нусратулло Салимзода мыйзам долбоору быйыл июлда күчүнө кире турганын жарыялады.

Анын билдирүүсүндө, 25 миңден ашуун ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 30-35 пайызынын майып болушуна туугандар арасындагы нике түрткү берген.

XS
SM
MD
LG