Ссылки доступа

Обама менен Путин Украинадагы кырдаалды талкуулашты


Тараптар телефон аркылуу Украина менен Сириядагы кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы террорчулукка каршы күрөш боюнча биргелешкен аракеттер тууралуу баарлашты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест билдиргендей, сүйлөшүүдө Орусиянын Минск келишимине байланышкан маселе да козголду. Обама Украинадагы абалды туруксуз кылып жаткан жикчилдерге колдоо көрсөтүүнү токтотуу зарылдыгын айтты. Ошондой эле кырдаалды аталган макулдашуунун алкагында, тынчтык жол менен чечүүгө чакырып, алдыдагы Донбасстагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун эрежелерине шайкеш өткөрүү багытында мунаса табуу зарылдыгына токтолду.

АКШ жана Орусиянын башчылары Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча резолюциясын аткаруу маселесин ортого салышты.

Кремлдин маалыматы боюнча, президенттер Иран менен Сауд Арабстандын алакасынын курчушуна тынчсыздануу билдиришип, аны калыбына келтирүүгө үндөштү. Мындан тышкары орус-америкалык аскердий кызматташтык талкууга алынды. Түндүк Кореянын суутек бомбасын сынаганы тууралуу маселеге кайрылышкан эки тарап, эгерде бул аракет аныкталса, БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюциясы олуттуу бузулган болуп саналарын, анда эл аралык катуу чаралар көрүлүүгө тийиш экенин белгилешти.

XS
SM
MD
LG