Жаңы өзгөрүүлөр ишке ашса, 2020-жылы президенттик шайлоодо азыркы президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали өз талапкерлигин коюшу толук ыктымал.
Рустам Эмомали 2020-жылы 33кө толот. Азыркы Конституция боюнча, курагы 35тен ашкан талапкерлер гана 7 жылдык президенттик тактыга умтулса болот. Ошондой эле талапкерлигин эки ирет көрсөтүү мүмкүнчүлүгү да берилет.
Эмомали Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келатат. Азыркы эрежелер 2020-жылы анын кайра саясий жарышка аттанышына жол бербейт. Бирок, жаңы сунушталып жаткан мыйзам колдоо тапса, ал эч чектөөсүз кийинки добуш берүүлөргө катыша алат.