Ссылки доступа

Иранга карата санкциялардын алынышы күтүлүүдө


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Иранга киргизилген санкциялар жакынкы күндөрү алынышы мүмкүндүгүн билдирди.

Керри Ирандын өзөктүк программа боюнча дүйнөлүк ири державалар менен түзүлгөн келишимдеги милдеттерин аткарып жатканын кошумчалады.

Буга чейин расмий Тегеран атомдук программасын чектөө багытындагы милдеттенмелерин апта аягына чейин аткарып бүтүшү ыктымалдыгын жар салган.

Былтыр июлда алты дүйнөлүк держава менен кол койгон документте Ислам жумурияты атомдук программасын чектесе, эл аралык санкциялар бара-бара алынары айтылган.

15-январда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик өз тыянагын чыгарып, эки күндөн кийин Тегерандын шарттарды аткарып- аткарбаганын кабарлай турганы күтүлүп жатат.

Санкциялар алынса, Тегеран миллиарддаган долларлык банк эсептерин пайдалана алат жана мунай экспортун көбөйтүүгө жол ачылмакчы.

XS
SM
MD
LG