Полиция жардырууларды жанкечти-террористтер жасаган болушу ыктымалдыгын айтууда. Reuters агенттиги билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча онго чукул адам мерт кетти, арасында полиция кызматкери да бар.
Кол салуулар кафе жана соода борборлорунда болгону айтылууда. Күч органдары жарандарды коомдук жайларга барбай турууга чакырып, жанкечтилер дагы болушу мүмкүндүгүн айтты.
Окуядан улам полиция “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна мүчө деп шектелгендерди кармоого киришти.