Ссылки доступа

Савченконун соту кайра жанданды


Орусиянын Ростов облусунун Донецк шаардык соту украиналык учкуч Надежда Савченконун ишин кайрадан кароого киришти.

Кечээ сот Украинада учкучтун актоочулары чогулткан документтерди кылмыш ишине тиркөөдөн баш тартты. Бул – Савченконун жыл жаңыргандан берки биринчи жараяны.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү отурумга кыйынчылык менен катышты. Аларга айыпталуучуну сүрөткө тартууга уруксат берилген жок. Буга чейин ачкачылык кармаган Надежда Савченко 15 килограммга арыктаганы менен өзүн кармоого аракеттенип жатканын кабарчылар жазып чыгышты.

Украина тарап 2014-жылдын июнунда Савченконун туткундалганы боюнча маалыматтарды тапшырганы менен тергөөчүлөр анын кылмыш ишине кошулуп каралышына каршы болуп, сот алардын өтүнүчүн канааттандырды.

Москва Надежда Савченко орусиялык журналисттер каза тапкан Лугансктын жанында сокку урган, деген жүйөөнү кармап жатат. Эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен Орусияда камакта отурган учкучтун күнөөсүз экенин далилдөө максатында Украина өкмөтү сунуштаган документтер мурунку отурумдарда да каралган эмес. Буга нааразы болгон Савченко бир нече ирет ачкачылык жарыялаган. Ал өзүнүн бейкүнөө экенин, чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG