Ссылки доступа

Тажикстанда күн сайын жер титирөө катталууда


Бул тууралуу Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында Тажикстандын Илимдер академиясынын президенти Фарход Рахими билдирди.

Анын айтуусунда, былтыркы жылдын декабрынан тартып өлкөдө күн сайын жер титирөөлөр катталууда. Алардын көбү анчалык деле сезилбегени үчүн кооптуу эмес.

Рахими жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырып, бийик тоодогу Сарез көлү декабрдагы катуу жер титирөөдөн жапа чекпегенин белгиледи. Ал эми силкинүүлөрдүн кайталанашынына жер кыртышындагы катмардын жылышы себеп болууда.

2015-жылдын 7-декабрында Тажикстанда күчү 7,2 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Анын очогу Дүйшөмбүдөн 360 километр аралыкта жайгашкан Мургаб районунда жана Сарез көлүнөн 22 километр алыстыкта орун алган. Ошол эле күнү өлкөдө 4,5-5,5 баллдык 11 жолу жер титиреди.

Зилзаланын кесепетинен 2 адам көз жумуп, жүздөгөн үйлөр урап, миңдеген адамдар турак-жайсыз калышты. Өкмөттүк комиссиянын маалыматына ылайык, табийгат кырсыгынан келтирилген чыгым 3,5 миллион доллардан ашты.

Соңку күндөрү Борбор Азиядагы үч мамлекетте бир нече жолу жер силкинди.

XS
SM
MD
LG