Ссылки доступа

Өзбектерде наристелерин саткан ата-энелер көбөйдү


Өзбекстандын өзүндө жана чет мамлекеттерде өз канынан жаралган балдарды сатуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу жергиликтүү “Укук” гезити жазып, беш баланын энеси, азыр кош бойлуу Халида Зарипованын төрөгөндөн кийин ымыркайын сатууга даяр экенин мисал келтирди.

Алдын ала пландар боюнча, Зарипова бала сатып алуучулардан 1800 доллар, ал эми ортомчу болгон Ахророва аттуу айым 400 доллар алмак. Алардын ниети жузөгө ашпай, милиция кызматкерлеринин тузагына илинди.

Мындай окуя Өзбекстанда биринчи жолу катталган жок. Орусияда жүргөн өзбек мигранттарынын арасында да наристелерин сатууга аракеттенген учурлар кездешкен. Ооганстандын Маймана шаарында болсо этникалык өзбектер бала сатууну адатка айлантып, андан түшкөн акчаны керектүү нерселерине короторун Кабулдун маалымат булактары байма-бай кабарлай баштады.

Байкоочулар Өзбекстандагы жакырчылык жана экономикалык оор абал жарандардын мындай кадамга баруусуна аргасыз кылып жатканын боолгошууда.

XS
SM
MD
LG