Ссылки доступа

Кыргызстанда күйүүчү май арзандоодо


Өлкөдө 14-январдан тарта 1 литр күйүүчү майдын баасы 50 тыйындан 2 сомго чейин ылдыйлады.

Мындай маалымат Кыргызстан мунай ташуучулар бирлигинен алынды. Азыркы учурда түндүк аймактарда АИ-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 1 сомго, АИ-80 – 50 тыйынга, АИ-92 - 2 сомго түшкөн. Ал эми түштүктө күйүүчү май 1 сомго, дизел отунунун наркы 2 сомго төмөндөгөн.

Мунай ташуучулар бирлиги баалардын арзандашына Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводунда оңдоо иштери аяктаганы, өндүрүштүн көбөйгөнү себеп экенин билдирүүдө. Ошондой эле суроо-талап убактылуу азайып, заводдон чыккан чийки мунайдын баасынын түшкөнү түрткү берген.

Кыргызстанда ушуну менен акыркы айларда күйүүчү майдын баасы 5 жолу арзандады.

XS
SM
MD
LG