Ссылки доступа

Орусияда кыргызстандыктар каттоосуз бир ай гана жүрө алышат


Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү кыскарды. Мурдагы эреже боюнча Орусиянын жарандары Кыргызстанда, ал эми кыргызстандыктар Орусияда каттоосуз 90 күнгө чейин жүрө алса, акыркы келишимге ылайык, ал 30 күн болду.

Мамлекеттик каттоо кызматы Орусиянын жарандарын паспорт-виза жана каттоо бөлүмдөрүнө өз убагында катталууга чакырууда.

Ошол эле маалда аталган мекеме тиешелүү маалыматты кыргызстандыктар арасында кеңири жайылтпаганы үчүн Тышкы иштер министрлигин сынга алды. Анткени, мигранттардын көпчүлүгү жаңы эреже тууралуу кабарсыз экендиктерин айтышууда. Бул келишимге 2015-жылдын 19-июнунда Санкт-Петербургда кыргыз-орус президенттери кол коюп, ал эми Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине толук мүчө болгондон тарта эле күчүнө киргенине карабастан, көпчүлүк элдин маалыматы жок.

Федералдык миграция кызматы Орусияда 530 миң кыргыз мигранты бар экенин маалымдоодо. Расмий эмес сандар боюнча Орусиядагы кыргыз мигранттар миллионго чукулдап барат.

XS
SM
MD
LG