Ссылки доступа

Түркияда кармалган орусиялык жарандардын тек-жайы иликтенүүдө


Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдиргендей, Түркияда экстремизмге шектелип кармалган орусиялыктардын аты-жөнү жакынкы күндөрдө коомчулукка жарыяланат.

Алардын экөө издөөдө жүргөн-жүрбөгөнү азыр такталууда. Ал эми дагы бири издөөгө алынганы белгилүү болду.

Буга чейин Мария Захарова Анталияда кармалгандардын катарындагы 1984-жылы туулган Айдар Сулейманов, Татарстанда “Ислам мамлекети” террордук уюмуна катышы бар деп айыпталып, эл аралык издөөгө алынганын айткан эле.

Апта башында Түркиянын Анталия шаарында Орусиянын үч жараны «Ислам мамлекети» радикал тобуна катышы бар деген шек менен кармалып, тинтүү учурунда үйлөрүнөн бир топ документтер менен дисктер алынган. Алар он кишинин өмүрүн алып кеткен Стамбулдун борборундагы катуу жардыруудан көп узабай колго түшкөн. Бирок ошол шектүүлөрдүн терактка тиешеси айтыла элек.

Расмий Анкара туристтик жайда өзүн өзү жардырып жиберген жанкечти «Ислам мамлекетинин» мүчөсү болгонун, Түркияга Сириядан келгенин кабарлаган. Набыт болгон 10 кишинин бардыгы чет өлкөлүк туристтер болчу, жараат алган 15 адамдын көбү да чет элдиктер.

XS
SM
MD
LG