Ссылки доступа

Жакартадагы жардыруулар үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды


Индонезиянын баш калаасындагы бир нече жолку жардыруулардын курмандыктарынын так саны белгисиз.

Расмий маалыматтарга караганда, 6га чукул адам каза тапты, арасында чет элдиктер да бар. Кол салуулардан 20дай адам жараат алды, анын бири Нидерландынын атуулу.

Бул үчүн өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ жоопкерчилик алды. Террорчулар 15 чет элдик “кызыл чырымчыларды” өлтүргөнүн, мусулман мамлекеттеринде бир дагы батыш жараны өздөрүн коопсуз сезе албай турганын интернетте жарыялашты.

Индонезия борбору Жакарта шаарында кечээ кеминде алты жерде жардыруу болуп, атышуулар орун алган. Полиция жардырууларды жанкечти-террорчулар жасаганын билдирген. Кол салгандардын бешөө жок кылынганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG