Ссылки доступа

Астана инвесторлорду тейлеген бөлүм ачты


Казакстандын борборундагы Калкты тейлөө башкармалыгында инвесторлор үчүн атайын бөлүм ишке киришти.

Муну менен документ алуу иштери жеңилдей турганы күтүлүүдө. Өлкөнүн Инвестиция жана өнүгүү министри Асет Исекешев анын ачылышына катышып, бийлик инвесторлорго жагымдуу шарт түзүп берүүгө аракеттенип жатканын айтты.

Бул бөлүм аркылуу эми инвесторлор бир эле жерден бардык кызматтарды колдоно алат. Лицензия, жумушчуларды иштетүү укугу, курулушка жана башка тармактарда ишкердик менен шугулданууга уруксат ушул бөлүмдө берилет.

Документтерди алуу мөөнөтү бир күндөн үч айга чейин созулат.

XS
SM
MD
LG