Ссылки доступа

Дүйшөмбү Давлат Чоловдун ИМге кошулуп кеткенин жарыялады


Тажик бийлигинин билдирүүсүндө, Элдик фронттун мурдагы башчысы Курбон Чоловдун 45 жаштагы агасы Давлат өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган эстремисттик топтун катарында жүрөт.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин Куляб аймагы боюнча башкармалыгынын орун басары Абдукодир Мирзозода да тастыктады.

Маалыматка караганда, Чоловдордун үй-бүлөсү 1992-жылы президент Эмомали Рахмоновго бийликке келгенге жардам берип, 1990-жылдары жарандык согуш убагында калк арасында таасири чоң болчу.

2014-жылы Давлат Чоловду Түркияга учуп бараткан жерин кармашып, ИМге адамдарды кирүүгө үгүттөгөн деп күнөөлөшкөн. Кийинчерээк ал тергөө менен кызматташкан жана кылганы үчүн өкүнгөн деген негиз менен айып пул төлөп эркиндикке чыккан. Бир нече убакыттан кийин Давлат Чоловдун дайыны билинбей, анын Сирияга кеткени божомолдонгон эле.

Давлат Чолов мурун тажик-ооган чек арасында кызмат өтөгөн. Курал-жарак жоголгону үчүн айып тагылгандан кийин Ооганстанда жашырынып жүргөн.

Расмий Дүйшөмбү кабарлагандай, Куляб аймагынын 90дой тургуну Сириядагы согушка тартылган. Дагы сегиз адам Иракта экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG