Ссылки доступа

Индияда өзбек бийчиси дайынсыз жоголду


Шахноза Шукурованын туугандары Делиде аны адам саткандар уурдап кетиши мүмкүндүгүн айтып жатышат.

Индиянын ордо калаасында жүргөн 27 жаштагы Шахноза Шукурова 2015-жылдын 24-сентябрынан бери дайынсыз. Улуу эжеси Надира Саиддин айтымында, бир жарым жыл мурун Делиде Шахноза өзбекстандык дагы бир кызды кулчулуктан куткарып калганы анын уурдалышына себеп болгон сыяктуу. Мекендешин үйүнө алып келип, акча да берген экен. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү бул тууралуу билип калып, жаш бийчининин изине түшүп, акыры уурдап кетишкенин жакындары боолгошууда. Окуянын күбөсү таксист Тритам бийчинин туугандарына көргөн-билгенин айтып бергени менен, полицияга жашырып, көрсөтмө берген эмес.

Шахноза Шукурова кичинесинен бий менен алектенчү. 2008-жылдан баштап ал Өзбекстан өкмөтүнүн Индияда уюштурган мааракерлерине катышып турган. Нью-Дели полициясы жана өзбек дипломаттары жаш кыздын жоголгону тууралуу кабардар. Бирок анын дайыны дале белгисиз, издөө иштеринен майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG