Ссылки доступа

Сириядагы согушта ачарчылык курал катары колдонулууда


Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун билдирди.

Ал Сириядагы тирешкен тараптарды, өзгөчө өкмөттүк күчтөрдү карапайым элге “адамгерчиликке сыйбаган, жырткычтык” мамиле жасап жатат деп кескин айыптады. Өз кайрылуусунда Пан Ги Мун курчоого алынган аймактардын жашоочуларынын ачкадан кырылып жатышын аскердик кылмыш катары баалады.

Сириянын Мадайя шаарынын тургундарынын азыркы тапта баштан кечирип жаткан турмушу, алардын мындай абалда калышы – кылмыш болуп саналарын да кошумчалайт баш катчы.

Франция, Улуу Британия жана АКШнын демилгеси менен бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши жыйынга чогулат. Анда курчоодогу калааларда жашаган 400 миң сириялыктын абалы тууралуу баяндама жасалат. Алардын 200 миңдейи өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ көзөмөлдөгөн аймактарда, 180 миңи Башар Асаддын бийлигине таандык жерлерде, калганы оппозиция каратып алган райондордо күн кечирип келүүдө.

Буга чейин “Чек арасыз дарыгерлер” уюму өткөн жылдын декабрынан бери Мадайяда 28 адам ачарчылыктан каза тапканын жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG