«Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдагандай, «Түркмөн малдары» мамлекеттик мекемеси айлык катары майда жандыктарды таратууга мажбур болууда.
Ахал аймагындагы мал чарба комплексин ижарага алып иштеткен Селим аттуу жаран акча жок болгондуктан, бир жандык 270 манатка бааланып, ушул эсеп менен эмгек акы берилип жатканын кабарлады.
Ал эми кызматкерлер майда жандыктарды сатып, акчага айландырууда.