Арасында аялдар жана балдар бар. Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдиргендей, 16-январда Даиш согушкерлери адамдарды өкмөт көзөмөлдөп турган Ал-Багалия айылында барымтага алган. Аталган кыштак Дейр эз-Зор шаарына жакын жайгашкан. Уурдалгандар арасында өкмөт күчтөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрү да бар.
Обсерватория башчысы Рами Абдул Рахман уурдалган кишилер өлтүрүлүшү мүмкүн экенин айтып, тынчсыздануусун билдирди. Сириянын мамлекеттик САНА агенттиги тараткан кабарга ылайык, жакында эле согушкерлер Дейр эз-Зор шаарында барымтага алынган 300 адамды да өлтүрүшкөн. Алардын көпчүлүгү улгайган кишилер, аялдар жана балдар болчу.