Ссылки доступа

Казакстан экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирүүдө


Өлкөнүн Улуттук банкынын алдындагы “Инвестициялык корпорация” акционердик коомунун жетекчиси алмашып, Берик Отемураттын ордуна Есжан Биртанов дайындалды.

Буга Отемураттын америкалык Wall Street Journalга курган маеги себеп экени айтылууда. Анда ал Казакстандагы азыркы экономикалык кылдаал тууралуу агынан жарылып, Улуттук фонддун мунайдан түшкөн пайдадан түзүлгөн резервдери жакынкы алты-жети айда калбай каларын ачык айткан. Мунай баасынын кескин арзандап кетишине байланыштуу Казакстандын фондунун кирешелери азайып жатканын да кошумчалаган.

Анын айтуусунда, өлкөнүн мунай фонду 64 миллиард долларды түзөт. Өкмөт андан жыл сайын 9,5 миллиард доллар сартап жатат. Отемурат бийлик менен Улуттук банкты чыгымдарды кыскартууга, фондго түз инвестиция сыяктуу чоң киреше алып келүүчү активдерди салууга чакырган. Анын айткандары казак басма сөзү менен социалдык түйүндөрдө дүрбөлөң жаратып, кызматтан алынды.

XS
SM
MD
LG