Ссылки доступа

Теңге күн сайын алсызданууда 


Казакстандын фондулук биржаларында бүгүн бир АКШ доллары 372,58 теңгеге бааланды.

Бул көрсөткүч Улуттук банктын расмий маалыматына салыштырмалуу 11,68 теңгеге жогору. Биржада доллардын жогорку баасы 375 теңгеден сатып алынды. Алматанын акча алмаштыруучу жайларында да доллардын теңгеге болгон катышы ушундай эле наркта.

Казак валютасынын алсызданышы мунай баасынын арзандашы менен байланыштуу. Дүйнөлүк базарда Brent үлгүсүндөгү мунай Ирандын санкциялары алынгандан бери дагы ылдыйлады. Эми Иран өзүнүн мунайын сыртка сата баштай турганы күтүлүүдө. Өткөн аптада Ирандын өзөктүк программасынан улам Батыш мамлекеттери жана АКШ киргизген санкциялар жокко чыгарылган. Буга Тегерандын эл аралык келишимдерди аткарганы себеп болду.

Мындан ары Ирандын чет мамлекеттердеги банктарда жабылган эсептерине жол ачылат.

XS
SM
MD
LG