Ссылки доступа

Өзбек аба каттамдарында видео тартууга тыюу салынды


Өзбекстандын Улуттук аба компаниясынын жүргүнчүлөрүнө учактардын ичинде сүрөт, видео тартууга тыюу салынды.

Тиешелүү буйрукка Учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Толиб Улжаев кол койгон. Podrobno.uz интернет сайты маалымдагандай, учактын ичинде жүргүнчүнүн жүрүм-туруму тууралуу эрежелерге өзгөртүү киргизилди.

Ага ылайык аба лайнерлердин бортунда электрондук жана байланыш каражаттарын колдонууга тыюу салынат. Эски эрежеде учакты башкаруу, учуу мезгили жана жерге конуу маалында гана мындай каражаттарды пайдаланууга уруксат берилчү эмес.

XS
SM
MD
LG