Ссылки доступа

ИМдин тузагына түшкөн тажиктердин саны азайууда


Ирак жана Сирияда өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко кошулган тажик жарандарынын саны азайганы байкалууда.

Буга чейин аталган террордук уюмга кирген тажикстандыктардын саны 500гө чукулдаганы маалымдалган. Кыргызстан менен чектеш Согди облусунда эле 110 киши экстремисттердин катарына тартылган. Ошондой эле Исфара районунан азгырылгандар көп, андан кийин Спитамен району турат. Бул аймактын 37 тургуну Сирияга кеткени аныкталган. Район бийлиги калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди террорчуларга алданбоого чакырып жатышат.

Аким Ориф Кодирзода террорчулардын тузагына көбүнчө калктын жарды катмары илине турганын билдирди. Анын айтымында, жарандар Орусияга акча табуу максатында кетип, ал жактан экстремисттик уюмдарга кошулуп кетүүдө. Жергиликтүү элдин арасынан Сирияга кеткен учур акыркы жолу 2 жыл мурун катталган. Азыр мындай фактылар жок. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле Тажикстан 2015-жылдан тартып радикал экстремизмге каршы күрөштү күчөттү. Анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу дагы түшүндүрүү чаралары көрүлүүдө. Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топ 2013-жылы Сириянын Ракка шаарында түзүлүп, “Ирак ислам мамлекети” уюмунун ордун баскан. Ага ондогон террордук, экстремисттик топтор бириккен.

XS
SM
MD
LG