Ссылки доступа

Өзбекстанда уулу экстремизмге шектелген мугалим асынып алды


Кашка-Дарыя облусундагы Шахрисабзе шаарындагы №100 академиялык лицейдин өзбек тили жана адабияты мугалими 53 жаштагы Шаходат Бахадырованын жасаты 14-январда үйүнөн табылган.

Анын уулу экстремизге айыпталып, камакка алынгандан кийин мугалим асынып алган. Кесиптештери менен кошуналарынын айтымында, уулу кармалгандан кийинки ага карата жасалган басым жана мазактаган мамиле мугалимди ошондой абалга жеткирген.

Соңку мезгилде Өзбекстанда диний радикализмге жана экстремизмге каршы күрөш жүргүзүүнүн алкагында “Ислам мамлекети” тобуна катышы бар деген шек менен ондогон адамдарды кармап, камакка алган болчу. Ысымын атагысы келбеген маркумдун кесиптешинин айтымында, Шаходат Бахадыровага карата мазактаган мамиле аны өз өмүрүнө кол салууга түрткү болгон. Анын уулу Шахзод Махмудханов экстремисттик уюмга мүчө болгон жана тыйуу салынган баракчаларды таркаткан деген шек менен кармалып, абакка камалган болчу. Бирок бул кылмыш иши боюнча тергөө толук, ага айыбын угузуп, соттук териштирүү башталган эмес. Маркумдун кесиптештери дагы анын уулунун айыбы далилдене электе эле мугалимди мектепте жана мааледе эл алдында уят кылып, мазактаган көрүнүштөр болгонун ырасташкан.

Ташкенде жайгашкан көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун жетекчиси Сурат Икрамовдун айтымында, Өзбекстанда экстремизмге шектелип, кармалгандардын жакындарын уят кылып, аларга кысым көргөзгөн көрүнүш кеңири жайылтылган мамлекеттик саясатка айланган. Өзбекстанда диний экстремизмге шектелип, кармалган он үч миңден ашуун адам учурда түрмөдө отурат.

XS
SM
MD
LG