Мындай арзандоо дүйнөлүк базарда мунай баасы улам төмөндөп баратышы менен байланыштырылууда. Иранга каршы экономикалык чектөөлөр алынган соң, бүгүн эртең менен Лондон биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын бир баррели 28 долларга түшкөн.
Иран менен былтыр жетишилген ядролук келишимге ылайык, АКШ менен Евробиримдик 17-январда Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды толук алып салган.