Ссылки доступа

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча долбоор даярдады


Аталган келишимдин долбоору эми Жогорку Кеңешке жиберилет.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрү былтыр ноябрда документти талкуулаган. Эки тарап чек арадагы талаштуу аймактар боюнча көп жылдан бери мунаса таппай келет. Мунун айынан чектеш аймактарда жаңжалдар да орун алууда.

Буга чейин тараптар мамлекеттик чек араны эски карта менен эмес, Алмата декларациясына таянып тактоону макулдашкан. 1991-жылы түзүлгөн Алмата декларациясында чек араны аныктоодо ар бир мамлекет көз карандысыздыкка ээ болгон учурдагы аймактарда калары айтылган. Ал эми талаштуу жерлер өзүнчө талкууланып, алмашуу же башка жолдор менен чечилүүгө тийиш экени жазылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу тогуз жүз токсон чакырымга созулат. Өзгөчө татаал жана талаштуу бөлүктөр Баткен облусу менен чектешкен аймактарда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG