Ссылки доступа

Vimpelcom Каримованын коррупциялык иштерин жай отуруп чечүүнү сунуштоодо


Орусияда “Билайн” аты менен белгилүү Vimpelcom ltd байланыш компаниясынын жетекчилиги Өзбекстандагы ишмердүүлүк жана Гүлнара Каримовага пара берүүгө байланышкан ишти тынч жол менен чечүү максатында америкалык аткаминерлер менен сүйлөшүүдө.

Бул тууралуу аталган холдингдин өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен орусиялык "Ведомости" басылмасы жазып чыкты. АКШда өзбек президентинин тун кызы аралашкан чуулгандуу иш боюнча иликтөө жүрүп жатат. Өзбекстандагы бир нече байланыш компанияларынын Гүлнара Каримованын эсебине которгон шектүү акчалар тууралуу маалымат 2012-жылы ачыкка чыккан. Ал кезде Каримованын акчалай алыш-бериши тууралуу Швециянын коомдук телеканалы атайын иликтөө жарыялаган.

Тергөө TeliaSonera жана орусиялык VimpelCom, МТС ишканалары Өзбекстандын уюлдук тармагында иштөө үчүн пара катары каражат которгонун божомолдогон. Маселе эл аралык коомчулуктун назарына түшүп, Батыштагы уюлдук компаниялар Гүлнара Каримовага миллиондогон доллар акча пара бергени иликтенип чыккан. Учурда ал компаниялардын иши Швециянын, Голландиянын жана АКШнын тергөө органдарынын кароосунда.

Ал эми Каримова өөнөдү делген 1 миллиард доллар Батыш банктарынын эсебинде камакка алынган. Азыркы тапта өзбек бийлиги аны кайтарууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG