Ссылки доступа

Казакстанда металлургдар айлык көбөйтүүнү талап кылууда


«Арселор Миттал Темиртоо» компаниясынын кызматкерлери теңгенин түшүшүнөн улам айлыктарын көбөйтүү талабын коюшууда. Компаниянын жетекчилиги дүйнөлүк каатчылыктан улам мындай талапты аткара албай турганын маалымдаган.

Металлургдардын айлыгы 50дөн 200 миң тенгеге чейин. Алар улуттук валютанын куну түшкөндөн кийин, баалар жогорулап, маяналары эч нерсеге жетпей калганына нааразы. Доллардын расмий наркы бүгүн 360 теңгени түздү. Акыркы жылдарда теңге 2 эсе төмөндөдү.

Темиртоо шаарынын кесиптик кошуундарында жумушчулардан айлыктарын көтөрүү тууралуу маселелер көтөрүлө баштады. Теңге ылдыйлаганы менен, компаниянын каржылык абалы жакшырып, металлды экспорттоодон көп пайда келип жатканына нааразылыктар айтылды. Мындай көйгөй Астанада 14-январда өткөн жыйында да ортого салынган.

Жумушчулар компаниянын жетекчилигин 2015-жылдын август айында кесиптик кошуун менен түзүлгөн айлык боюнча макулдашууну аткарууга чакырып жатышат. Анда теңгенин кунуна жараша маяна көтөрүлөрү камтылган болчу.

XS
SM
MD
LG