Ссылки доступа

Кыргызстанда аңчылыкка 2030-жылга чейин тыюу салуу сунушталууда


Парламент депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев "Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун  иштеп чыгышты.

Өлкөдө 2030-жылга чейин аңчылыкка тыюу салуу маселеси камтылган документ коомдук талкууга коюлду.

Ошол эле маалда анда карышкыр, түлкү жана чөөлөрдүн санын азайтуу аракетине каршы келбей турган жолдор да жазылган.

Демилгечилердин айтымында, азыркы учурда республикада мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 пайдалануучу бар, алардын бирөө мамлекеттик, 9 коомдук уюм жана 42 жеке адам. Жалпы аянт 14,4 миллион гектар жер. Анын 7,2 миллиону гана мамлекетке таандык.

Аңчылык департаментинин маалыматы боюнча, 2013-жылы 710 жолу эреже бузган учурларды каттоого алынып, келтирилген чыгым 3 миллион сомду түзгөн. Кыргызстанда акыркы 20 жылда жапайы жаныбарлардын саны кескин азайып кетти.

XS
SM
MD
LG