Ссылки доступа

Тажикстанда Орусияга жер которууну каалагандардын саны көбөйдү


Экономикалык каатчылык Борбор Азиядагы эмиграциянын жаңы толкунуна түрткү болду.

Былтыркы жылда эле Тажикстанда мекендештерге колдоо көрсөтүү программасынын алкагында 1200гө жакын үй-бүлө Орусияга жер которуу тууралуу күбөлүк алган. Туруктуу жашоо үчүн өз өлкөсүнөн көчүп кетүүнү каалагандардын саны барган сайын арбып жатат. Тажик жергесиндеги Орусиянын Федералдык миграция кызматынын өкүлчүлүгү билдиргендей, быйыл кеңеш алуу үчүн кезек күткөндөрдүн тизмеси июнга чейин созулду.

Программа боюнча 2013-жылдан тартып 26 миңден ашуун адам арыз бергенин өкүлчүлүктүн жетекчиси Владислав Маркевич маалымдады. Орусиянын мекендештерге колдоо көрсөтүү долбооруна Советтер Союзунун мурдагы жарандары арыз бере алат. Алардан орус тилин билүү жана орус маданияты тууралуу кабардар болуу талап кылынат. Эң башкысы – жер которууну көздөгөндөр мыкты билим жана эмгек тажрыйбасына ээ болушу шарт. Арыз тапшыргандардын дээрлик баары мындай талапка жооп берери байкалууда. Дарыгерлер, мугалимдер, спортчулар, техника тармагындагы адистер, жеке ишкерлерден турган жарандар өз мекенинде ийгилик жаратып, айлык акыны да жакшы тапкандар. Анткен менен Орусияда өздөрүн жаркын келечек жана чоң мүмкүнчүлүктөр күтүп турат, деген бүтүмгө токтолушкан.

XS
SM
MD
LG