Ссылки доступа

Ооганстанда мурду кесилген аялдын окуясы нааразылык жаратты


Ооганстандын Фаряб провинциясындагы алыс кыштактардын биринин 25 жаштагы тургуну жубайынын мурдун кесип салды.

Аялдын интернетке жайгаштырылган сүрөтү коомчулук арасында наарызылык жаратып, активисттер мындай кадамга барган эркекти жазага тартууну талап кылып жатышат.

Провинция борбору Маймана шаардык ооруканасынан кабарлашкандай, 22 жаштагы Реза Гүл бейтапканага 18-январда түшкөн. Аны Түркиядан барып дарылануусу үчүн госпиталь тийиштүү чараларды көрүп жатат. Жабырлануучунун күйөөсү айылдан качып кеткени айтылууда.

Ооганстанда аялдардын зомбулукка кабылуусу - өлкөнүн эң негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Бир эле Фаряб провинциясында соңку бир эле жылда ыдык көргөн аялдардын саны үч эсе өскөн.

XS
SM
MD
LG